www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоо убагында бийликти жамандап, алар үчүн кызмат деле маанилүү эмес экенин, элдин бакубат жашоосу кымбат экенин айтып, жүрөгү ооруп, Кыргызстан үчүн тынчсызданып жаткан “Республика”, “Ата Мекен”, “Бир Бол”, “Чоӊ Казат”, “Реформа”, “Бүтүн Кыргызстан” партияларынын чыныгы жүзүн эми билдик.  

Булар жаштарды күүлөп, аларды чогултуп бир түндө Акүйдү басып алышты. Шаарды каалагандай талап-тоноп, мародерчулук менен алектеништи. Чогулган эл лидери жок, эмне кылышын билбей калышты. Аянтта суукка тоӊуп, ачка жүрүштү. Аларга убада берип, үмүттөрдү берип ээрчитип чыккандар эмне кылышты, бары бирден креслону кучактап отуруп алышты.

Тартипке чакырган күч органдары сабалды, таш-кесекке алынды. Ушул тапта 2 суткадан бери шаарды ирээтке келтирейин деген адам жок. ИИМди басып алган Курсан Асанов милицияны экигө бөлүп, өзүнүн кадрларын кызматка коюу менен алек. Курсан Асанов милициянын жетекчилигин өзүнө алганы менен, коопсуздукту караган жок, кабинетте жыргап, чалкалап отурат.

УКМКны басып алган,  бир кезде “катани” атка конгон, кийин Атамбаев айткан “к....ү” болуп калган Өмүрбек Суваналиев ал дагы кызматтарды бөлүштүрүп, өзүнүн кишилерин алып келип дайындап жатат.

“Бир Бол” партиясы колу жеткен жердин барын алды, КТРКны кошуп, райондордун акимдерине чейин.

“Чоӊ Казат” партиясы болсо Башкы прокуратураны алды, жарымын.

“Ата Мекен” партиясы “Манас” аэропортун ээлеп, 2010-жылдагы тажрыйбалуу мародерлору менен биргеликте шаарды талап-тоноп жүрөт. Бирок буларга майлуу жерлер тийбей калып, “Реформа” экөө биригип жаштарды алдына салып, кайрадан революция кылабыз деп камынышууда.

“Республика” партиясы А.Атамбаев, С.Исаков, А.Ибраимов баштаган ууру-коррупционерлерди чыгарып алып, ыӊгайы келсе басып алалы деп күтүшүүдө.

Айтор мамлекетте хаос, мындай болуп кете берсе түп тамырыбыз менен кыйрайбыз! Буларга элдин, мамлекеттин кереги жок экен. Кызмат бөлүшүп, жер-жерлерде кырылышып, мушташып жатышат.

Бийлик талашып жаткандар ашып кетсе 100гө жетпеген саясатчы жана аларды ээрчиген 10 миӊдей адам. Бирок аларды ээрчип жүргөндөр деле көӊүлү калып, булардан ирээнжип калды.

Кыргызстанды сактап калыш үчүн эмне кылыш керек? Бийлик органдары кайрадан өз ордуларына келип, коопсуздукту чукул арада колуна алышы керек. Президент элге чыгып, көзөмөлдү жана жоопкерчиликти өз мойнуна алсын.

Кызматтарды талап, басып алышты. Ага карабай БШК кайра шайлоо күнүн белгилеп, башынан шайлоо өтсүн. Мындай болбосо Кыргызстандан айрылабыз, жарандык согуш чыгуу алдында турат. Аймактарда бандиттер жергиликтүү бийликтерди басып алышты. Кыргызстан толугу менен укуктук талаадан чыгып кетти.

Президент тынчтыкты камсыз кылып берсин, эл президентти колдосун! Башка жол калган жок. Текебаев Жанар Акаевди бетиӊе кармап алып ызы-чуу кылганды токтот!

Маалымат Фейсбук социалдык тармагынан алдынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости