www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргызстан жашылдар” партиясы шайлоого катышуу тууралуу БШКга билдирүү тапшырды. Бул тууралуу БШКнын юридикалык бөлүмү маалымдады.

Маалыматка караганда, арыздарды кабыл алуу бүгүн, 22-октябрда башталып, 25-октябрга чейин созулаары такталды. Шайлоо кайталанып жаткандыгына байланыштуу, бардык мөөнөттөр үчтөн бирине кыскарган.

Эскерте кетсек, 6-октябрда БШК Бишкекте башаламандыктардан кийин шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууга аргасыз болгон. Элдин кыжырдануусунан улам, өлкөдө бийлик алмашты. Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетти. Мамлекет башчысынын милдетин убактылуу аткаруу кызматы премьер-министр Садыр Жапаровго өттү.

Белгилей кетсек, буга чейин шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке кайталап шайлоонун күнүн жарыялады. Ал 2020-жылдын 20-декабрында өтөт. Добуш берүү жаңы эрежелер боюнча жүргүзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости