www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарына коронавирус инфекциясынан дарылоого колдонулуучу дары-дармектер менен жүк жеткирилди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, антикоагулянттар, тактап айтканда «Эноксапарин» жана «Нандропарин» алынып келди. Бул өкмөт менен Кытай Эл Республикасындагы элчилик аркылуу республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен сатылып алынган.

«Көрсөтүлгөн дарылар Саламаттыкты сактоо министрлигине өткөрүлүп берилди жана COVID-19 вирусуна чалдыккандар дарыланган медициналык мекемелерге бөлүштүрүлөт.

Саламаттыкты сактоо министрлиги жана медициналык уюмдар күз-кыш мезгилинде вирустуу инфекциянын калк арасында жайылуусуна карата запас түзүү үчүн дары каражаттарын сатып алышат», - деп айтылат маалыматта.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости