www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто эркек киши сегиз жаштагы кызга карата ыпластык иш-аракеттерди жасаган деп шектелүүдө. Бул тууралуу NazarNewsка милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-мартта киши Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде кыздын шымы менен ич кийимин чечип, кызга ыпластык иш-аракеттерди жасаган. Бул окуя ошол жердеги байкоо камераларына жазылып калган.

"Аталган факт боюнча "Ыпластык иш-аракеттерди жасоо" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ош шаардык соту шектүүгө карата СИЗОго камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасын тандаган. Шектүү бул чечимге каршы аппеляциялык арыз берген, бирок экинчи инстанция мурунку чечимди күчүндө калтырды. Тергөө иштери жүрүп жатат ”, - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg

Последние новости