www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда акыркы 9 айда жол кырсыгынан 78 бала каза болду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жол-кайгуул кызматы жана укук колдонуу практика бөлүмүнүн башчысынын орун басары Манас Сыдыгалиев билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы жол кырсыгынан 62 бала каза болгон. Орун басар балада - жолдогу жүрүм-турум маданиятын жашынан калыптандыруу керек дейт.
“Балдарга кичинекей кезинен баштап жол эрежесин үйрөтүү керек. Билим берүү министрлиги ушул пунктту киргизип, мектеп окуучуларына жол эрежесин үйрөтүүгө сааттарды бөлүп берсе, абдан пайдалуу болмок”, - деди ал.
Жалпысынан, республика боюнча үстүбүздөгү жылдын 9 айында 5 миң 437 жол кырсыгы катталып, 587 адам каза болуп, 8 миң 298 адам жабыркаган. “Өткөн жылга салыштырмалуу кырсыктардын саны өскөн, бирок өткөн жылы пандемияга байланыштуу чектөөлөр киргизилген”, - деп белгиледи Сыдыгалиев.
Булак: NazarNews.kg