www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлообек Атазов министрлерге нааразычылык билдирет

Азыркы дайындалган кээ бир министрлер депутаттардын телефон чалууларына жооп бербейт. Бул тууралуу депутат Шайлообек Атазов бүгүн, 27-октябрдагы, Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. «Кыргызстандын жүктөрүн Казакстан менен Орусия текшерип, кыйнап жатканы боюнча кайрылуулар түшүп жатат. Бул маселелерди сүйлөшүү жолдору менен чечсе болобу?», - деп кайрылды депутат Жапаровго.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаров жакында чоң конференцияда бул тууралуу айтылаарын билдирди.

«Артыңызда отурган экономика министри, транспорт министри депутаттардын телефон чалууларына жооп бербейт. Телефонго жооп берип, эл менен иштешсин. Депутаттар менен иштешпегендер элди такыр эле кабыл албайт экен да», - деп баса белгиледи Атазов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости