www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 20-декабрга карата коронавирус дагы 23 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, анын ичинде Бишкек шаарында – 19, Ош шаары – 1, Жалал-Абад облусунда – 2, Баткен облусунда - 1 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир суткада 29 адам илдеттен сакайып чыкты, бир бейтап каза болду.
Бүгүнкү күндө стационарларда коронавирустан 301 бейтап, амбулатордук түрдө 338 адам дарыланууда.
Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 184 миң 218 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 179 миң 311 киши айыгып чыкса, 2 миң 784 адам каза болду.
Булак: NazarNews.kg