www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев президенттик инновациялык мектеп негизделип жатканын билдирди. Бул тууралуу өкмөт мүчөсү 2021-2023-жылдарга карата министрликтин программасы менен тааныштырып жатып сөз кылды.

Анын айтымында, мектептин курулушу май айында башталат.

--"Воронцовка айылында биздин ведомствого тиешелүү 13,5 гектар жер бар. Ал жакка президенттик инновациялык мектеп негиздегени жатабыз. Демөөрчү табылды. Мектептин пайдубалы май айынан тарта тургузулат", — деди министр.

Маалыматка караганда, аталган мектепте 400 бала жатып окуйт. Мындан тышкары, чейрек сайын 300дөй бала аймактардан келип, билим алып кайра кетип турат.

"Кыргызстандын ар кайсы жеринен жакшы окуган балдарды чогултуп, алар бир чейрек инновациялык мектепте окуп турушат. Бул нерсенин негизги максаты — үлгүлүү билим берүүнү ошол балдар аркылуу өлкөнүн булуң-бурчуна жеткирүү", — деди Бейшеналиев.

Бирок министр мектеп качан ачыларын жана билим берүү кандай негизде жүргүзүлөрүн кенен айткан жок.

Булак: NazarNews.kg

 



 

Последние новости