www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министр Алымкадыр Бейшеналиев кызматынан кетеби?

Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети парламенттин протоколдук тапшырмаларынын аткарылышын кароо маселесин кийинки жыйынга жылдырууну чечти.

Себеби өкмөттүн өкүлү комитеттин мүчөлөрүнөн аталган маселени кароону кийинки жумага жылдырууну суранды.

Депутат Бактыбек Райымкулов кийинки жыйында саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министри Алымкадыр Бейшеналиев, ошондой эле тийиштүү жетекчилер катышышы керек экенин айтты.

Бүгүн, 12-апрелде Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынына саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев чакырылган.

Бирок анын ордуна орун басары Жалалидин Рахматуллаев келген. Ал министрди президент кабыл алып жатканын айткан.

Ал эми депутат Тазабек Икрамов протоколдук тапшырмалар 2 жума мурда берилгенин белгиледи.

«Бул маселелер комитеттин жыйынында көтөрүлгөн. Муну билип туруп, ал (Алымкадыр Бейшеналиев) келиши керек болчу. Ошондуктан ага депутаттык баа бериш керек. Ал бүгүн гана президентке кирип жаткан жок. Ал «Мекенчил» партиясынан келгенин айткан, президент менен жакшы мамиледе. Аны президент кабыл алып жатканын айтууда. Эгерде маалыматты тактасак, анда ал ошол жерде жок болуп калышы мүмкүн», - деди ал.

Депутат бүгүн, 12-апрелде коронавирустан 6 адам каза болгонун билдирди.

«Күн сайын абал кооптуу болуп бара жатат. Силер эмдөө боюнча дагы маалымат бере элексиңер», - деди Икрамов.

Комитеттин мүчөлөрү Тазабек Икрамовдун Алымкадыр Бейшеналиевдин ээлеген кызмат ордуна ылайыктуулугун кароо демилгесин президент жана премьер-министрге сунуштоого макул болушту.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости