www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Референдум: Эмнеге 93 миң бюллетень жараксыз деп табылды?

Референдумга добуш берүүдө 92 944 бюллетень жараксыз деп табылды. Бул тууралуу БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун жыйынтыгы тууралуу брифингде билдирди.

Референдумга 1 336 743 кыргызстандык катышкан, жараксыз бюллетендердин санын пайыздык көрсөткүч менен эсептегенде 6,8ди түзөт.

«Ооба, бул чоң көрсөткүч. Азырынча анын анык себебин айта албайбыз. Негизи бюллетенге эки белги коюп же койбой койсо АСУ аны эсептебей коёт», — деди Шайлдабекова.

Деген менен БШК төрайымы жараксыз бюллетендер референдумга катышкандардын санына таасир этпей турганын белгиледи. Себеби бюллетень АСУга түшкөндөн кийин жаран шайлоого катышты деп эсептелет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости