www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коронавирус алгач 18-мартта эмес, 5-февралда катталганы тууралуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматы Интернетке тарады. Аталган мекеменин жетекчилиги кызматкерлер шалаакылык кылганын айтууда.

Коронаирус менен ооругандарды кошумча медициналык төлөмдөн бошотуу тууралуу өкмөттүн токтомунун долбоорунда Кыргызстанда коронавирус 5-февралда катталганы жазылган. Аны Саламаттык сактоо министрлиги коомдук талкууга чыгарган.

Аталган министрликтин басма сөз кызматы документти Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду даярдаганын белгилеп, түшүндүрмөнү да ошол бериши керек экенин билдирди.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун жетекчисинин орун басары Клара Өскөнбаева документти даярдаган жаш адистер ката кетиргенин айтып, коомчулуктан кечирим сурады. Анын сөзүнө караганда, коронавируска чалдыккандар бейтаптардын ичинен алгачкы бейтап 5-апрелде айыгып, ооруканадан чыгарылган. Документте 5-апрелдин ордуна 5-февраль деп алмаштырып, сакайганы тууралуу маалыматтын ордуна ооруп калган деп жазылып калган.

«Жоопкерчилик тартканга даярбыз», - деди Өскөнбаева.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости