www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда дипломатиялык өкүлчүлүктөрүн эмдөө башталды

КРнын Тышкы иштер министрлигинин кайрылуусу боюнча, республикада Индия, Пакистан, Тажикстан жана Азербайжандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн өкүлдөрүн эмдөө башталды. Бул тууралуу маалымат жыйынында Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жалпы 33 миң 548 адам эмдөө алды, анын ичинен 15 миң 980и медицина кызматкерлери, 5 миңи билим берүү чөйрөсүнүн кызматкерлери, 3 миң 786сы 65 жаштан жогорку жарандар, 500 укук коргоо органдарынын кызматкерлери, 870 мамлекеттик кызматкерлер, 7 миң 549 – өз эрки менен алгандар.

“Эмдөөнү ушул айдын аягына чейин бүтүрүү пландалып жатканын белгилей кетким келет”, - деди ал.

Эскерте кетсек, мындан мурда ТИМ 3-майда Бишкекте катталган чет мамлекеттердин дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн жана эл аралык уюмдардын кызматкерлерин эмдөө башталганын билдирген.

“Буга чейин дипөкүлчүлүктөрдөн жана эл аралык уюмдардан кызматкерлерге жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө эмдөө жүргүзүү ниетин билдирген 7 кайрылуу келип түшкөн”, - деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган.

Ал эми 22-апрелде Россиядан “Спутник V” вакцинасынын 20 миң дозасы алынып келген.

Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости