www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” ким бийлик башына келсе куда-сөөк боло калып, капчыгын калыңдатып, инилерин чоң мансапка жетелеген Жапаров Акылбек деген бар. Жээнбековдор менен куда болгону калганда ал бийлик кулап, Садыр Жапаровго кеңешчи боло калган. Аны майлайм деп бир-топ күн жоголуп кетип, аз жерден мамлекет башчысынын каарына калып кала жаздаган. Президентке кеңешчи болор менен бир инисин “ГСИНди” тейлетип көзү тойгон жок. Жапаров Акылбек инисин таластыктардан 250 миң долларга сатып алып, өзү аз жерден кулагына “бирка” бастыра турган убак артта калган. Кокус эми Баткенге барса, анын кылып жаткан иштери үчүн баткендиктер эки кулагына тең “бирка” бастырмайын кетирбеши чындык.

“99дар” “Кыргызалтынды” тейлейби?

Жапаров Акылбек “Кумтөр” боюнча комиссияны жетектеп, “Кыргызалтынды” чамгарактатып өзү билип, өтүгүн төргө илип калган. “Кыргызалтындын” өзүнүн мамлекет башчыларына 300-400 миллион долларлык ставкасы бар. Бул Акаевден бери келе жаткан жөрөлгө. Азыркы бийлик буга көңүл бурууга чамасы жок. Ошондуктан, бул “ырыскыны” чамасы башка бирөөлөр кыйтыңдатып жаткандай. Акыркы мезгилде, “Кыргызалтын” акционердик коомун холдингге айлантабыз деген жыландын тили соймоңдоп чыга баштады. Албетте, бул жерде “Кыргызалтын” акционердик коомунун миллиардаган мүлкү жатат. Акылбек Жапаровдун “ал” деп койсо, жамбашын үзө тиштеген овчаркадай “99” наамында “Кыргызалтындын” менеджери бар. Азыр “Кыргызалтында” Акылбек Жапаров менен “99”дун түкүргөн түкүрүгү жерге түшпөй турган убагы.

Тажик-кыргыз мамилеси бузулган мезгилде Жапаров сак-сактап УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевди жамандатып, “жаанын огун” ошол жакка бургандай. Кыргыз элинин чек арасын чечип, алуу үчүн өз ден-соолугуна карабай чапкылап жүргөн Ташиев ар кандай ушак-айыңдардын капшабына кабылып турат. Чек ара маселесин чечүүдө чыккан Баткен чатагына эл күйүнүп жатса, Акылбек Жапаров инисин УКМКга төрага кылам деп сүйүнүп жатат. Анткени, ар кандай ушак-айыңдан тажаган Камчыбек Ташиев парламенттик шайлоо башталса, “Урдум байдын кызын” деп партиясын жетектеп кетип калышы мүмкүн.

Карапайым эл каңырыгы түтөп жашап жатканда, “Кумтөр” алтын кенинен 150.000 -200.000 доллар маяна алышкан кыргызстандыктын ысымдары булар:

Касенов Дүйшөналы Рахимович, 2019-жылдын 1-майынан азыркы күнгө чейин 200 миң доллардан маяна алып келет.

Тенгиз А.У. Бөлтүрүк, 2019-жылдын 1-майынан азыркы күнгө чейин 200 миң доллардан маяна алып келет.

Ибраев Карыбек Эмилжанович, 2010-жылдын 19-августунан 2014-жылдын 8-майына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.

Ниязбек Алдашев, 2011-жылдын 23-июнунан 2012-жылдын 22-июнуна чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.

Шакиров Кылычбек Абидинович, 2013-жылдын 31-июлунан 2016-жылдын 17-майына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.

Садыров Калинур Алымбекович, 2014-жылдын 8-майынан 2016-жылдын 10-мартына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.

Орозбаев Эмилбек Мусинович, 2014-жылдын 8-майынан 2016-жылдын 10-мартына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.

Сагынов Бектур Өскөнбаевич, 2016-жылдын 10-мартынан 2019-жылдын 1-майына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.

Кубатов Эдуард Жумакадырович, 2016-жылдын 10-мартынан 2019-жылдын 1-майына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.

Кыштобаев Нурлан Жумабекович, 2016-жылдын 17-майдан 2018-жылдын 1-майына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.

Өскөмбаев Аскар Кубанычбекович, 2018-жылдын 1-майынан 2020-жылдын 4-декабрына чейин 200 миң доллардан маяна алып келген.

Көбөнбаев Максат Шайлообекович, 2019-жылдын 1-майынан азыркы күнгө чейин 200 миң доллардан маяна алып келет.

Жогоруда аты аталган баатырлар 2010-жылдан кийинки кыргыз президенттери менен премьер-министрлеринин кызыкчылыктарын көздөгөн жана алардын сүрөмөсү, жөлөп-таяшы менен ушундай кызматтарга жана маяналарга жетишишкен. Эми “Кыргызалтын” холдингге айланып кала турган болсо, булар канчадан акча алар экен? Балким аны Жапаров менен “99” аттуу шопур чечер.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости