www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте дагы эки мектеп карантинге жабылды

Бишкек шаарындагы дагы эки — №66 менен №93 мектептин окуучулары бүгүн, 4-майда, аралыктан окууга өттү. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Кыргызстанда өткөн суткада коронавирус инфекциясынан сегиз адам көз жумуп, 224 киши илдетти жуктуруп алды.

Учурда 10 мектеп карантинде турат. Алар: №61, №70, №6, №11, №12, №65, №33, №62, №64 жана №88 билим берүү мекемелери.

Мындан сырткары, 32 класс аралыктан билим алууда.

Эске салсак, буга чейин Бишкектеги алты:  №26, №63, №17, №35, №67 жана №24 мектептери карантинден чыккан эле.

Бишкек мэриясы балдар менен ата-энелерди, Билим берүү башкармалыгынын кызматкерлерин, медиктерди эпидемиологиялык абалга байкоо салып, пандемия учурунда окуу процессине мониторинг жүргүзүп турууга чакырууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости