www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы бийлик келгени чек ара маселесин чечүүнү приоритеттүү маселе катары эсептелип, бир катар иш-аракеттердин алкагында Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларды демаркациялоо жана делимитациялоо боюнча комиссиялар иштеп жатканы белгилүү. Комиссиянын ар бир отуруму өтө оор өтүп жатканын Камчыбек Ташиев ЖМКлардын бирине билдирген. Албете, оор өтөт. Бизге мекендин 1 карыш жер кандай кымбат болсо, аларга да ошондой кымбат! Ар бир мамлекет өзүнүн кызыкчылыгын көздөйт! Ошого карата келишим түзүүгө аракеттенет. 

Баткендеги талылуу маселе – аткезчилик жолу менен Тажикстанга товар ташуу, өзгөчө бензин. Дал ушул аткезчилик адам өлүмү, жоготуулар менен коштолгон бүгүнкү кейпибизге алып келди. Кайсы бийлик келсе да, ошолордун капчыгын кампайткан бензин ташычууларды эч ким тыйа алган эмес. Ошондо бул каналды жергиликтүү бийлик жана чек ара кызматы көзөмөлдөп калат экен. 

29-унда Баткен районуна тажиктер кол салып, “Головной” талашка түшүп, эки тараптын жарандары таштар менен урушуп жатты. Биз тараптан бир да реакция болгон жок. ЖМКлардагы маалымат боюнча Өкмөттүн Баткендеги өкүлү Өмүрбек Суваналиев Тажикстандын тиешелүү жетекчилери менен сүйлөшпөй, Баткен районунун акиминин орун басарын жиберген. Ар кандай сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыкпай турду. Качан гана Камчыбек Ташиев чет өлкөдөн келип, өзү абалды жөнгө салууну колго алды. Буга дагы коомчулук күбө.

Баткен облусунун өзүндө деле облусту коён жатагына чейин билген, ар тараптуу тажрыйбасы бар, тажиктердин салтын билген, сырын билген, мыкты  кадрлар бар эмеспи. Тилекке каршы, биз ишенген генерал Суваналиев карыган чагында болгон аброюн төгүп, контрабанда ташып иштеген мафиянын кылтыгына илинген.

Эске салсак, буга чейин Ташиев Тажикстанга 1 литр да бензин өткөрбөй, аларда бензин тартыштыгы жаралып, 1 литр бензиндин баасы 95 сомго чейин чыккан. Бул экономикалык санкция кошуналарды алсыратты. 21-кылымда техника менен бензин да аба-суудай эле керек. 

Эми ойлонсок, контрабанда ташыган мафия Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев баштаган бийлик коррупция, аткезчилик менен катуу күрөшүп баштаганын сезип, облустук деңгээлдеги аткаминерлерди жана чек ара кызматынын үлкөн кишисин колго алышканы пайдалуу болгон бейм?

Кыргызстандын бүтүндүгү бир эле Садыр Жапаровго керекби? Канчалык оор болгон күндө дагы толеранттуулук менен эл аралык нормаларды бузбай, башкысы мамлекеттин, элдин тагдырына кооптонуп, көрөгөчтүк жолду тандады.

Күйгөндөн айткан бир сабак болду бул жагы! Президент, Өкмөт ишенген карачечекей кадрлар ушундай пастыкка барып жатса, Кыргызстан кантип өнүгөт! Сырткы душмандан дагы ички душмандар коркунучтуу экенин ушундай билели, урматтуу кыргыз элим! Чыккынчылар, бузукулар, арабызда эле турат, мыйыгынан күлүп, ак көйнөктү кийип.

Тарых буларга баасын да, жазасын да берсин!

Последние новости