www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда доллардын расмий курсу бир күндө бир сомдон ашык жогорулады. Улуттук банктын сайтында бир доллар 78 сом 88 тыйын болуп турат.
24-мартта 77 сом 60 тыйын болчу.
Коммерциялык банктар жана акча алмаштыруучу жайлары долларды 79-80 сомдон сатып алып, кайра сатууда.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2016-жылдан бери туруктуу бойдон 69 сомдун тегерегинде сакталып келген АКШ доллары быйыл 10-мартта үч сомго кымбаттаган. 20-мартта 85 сомго жеткен. Жыл башынан бери Улуттук банк жалпысынан 160 миллион 600 миң долларга жети жолу интервенция жасады.
20-мартта премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өлкө экономикасындагы абалды оор деп баалап, быйыл казынага 450 млн. доллар түшпөй калышы мүмкүн экенин айткан.
Булак: NazarNews.kg