www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда доллардын баасы кымбаттады

Өлкөдө доллардын курсу кайрадан 80 сомго жакындады. Valuta.kg порталынын маалыматына караганда, Бишкектеги акча алмаштыруу бюролорунда орто эсеп менен 1 АКШ доллары 79,76 сомго сатылып, 79,41 сомго сатылып алынууда.

Ал эми Улуттук банк 25-сентябрда бекиткен расмий курс боюнча доллар 79,3 сомду түздү.

Белгилей кетсек, сентябрдан бери акча алмаштыруу жайларында доллар 1,5 сомго кымбаттады. Өзгөчө соңку күндөрү эл аралык валютанын куну кескин көтөрүлүүдө. Улуттук банк 23-сентябрда жалпысынан 11,2 миллион долларды валюта рыногуна чыгарды. Акыркы жолу банк 9-сентябрда интервенция жасап, 6,6 миллион доллар саткан.

Эске сала кетсек, быйыл март жана апрель айларында коронавирус эпидемиясына байланыштуу карантин киргизилген маалда доллардын курсу 85 сомго чейин кымбаттап кеткен.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости