www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 10-августтан бери доллардын сомго карата курсу 1,6 пайызга өстү. Ошол эле учурда доллардын орус рублине карата курсу 6% көтөрүлгөн. Бул тууралуу "Азаттыкка" Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

Апта башында орус рублинин долларга карата куну мурдагыдан да түшүп, Москва биржасында бир доллардын баасы 68 рублдан ашкан. Бул соңку эки жыл ичиндеги эң жогорку көрсөткүч. Рубль менен бирге Түркиянын улуттук акчасы лира да долларга карата арзандады. Орус акчасынын арзандашы казак теңгесине да таасирин тийгизген.

Кыргызстандын улуттук банкы доллардын курсунун жогорулашына байланыштуу дүрбөлөңгө түшүүгө негиз жок экенин билдирди.

Орус акчасынын кунунун түшкөнүнө АКШнын Орусияга карата экономикалык санкцияларды киргизгени жана дүйнөлүк базардагы мунай баасынын төмөндөшү себеп болууда.

Учурда Улуттук банктын расмий курсу боюнча 1 АКШ доллары 68 сом 25 тыйын, акча алмаштыруу жайларда 69 сом 62 тыйындан сатылууда. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости