www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук статистика комитети алгачкы алты ай ичиндеги маа­лыматтарды жарыялады. Анда ИДПнын өсүшү 0, 1% ды гана түз­гөн! Бул, чынында, эч кандай өсүү эмес. Статисткалык көрсөткүчтө акыркы алты айдын ичинде улам төмөндөөлөр гана байкалат. Өт­көн жылы ИДПнын жарым жыл ичинде өсүшү 5, 6% түзсө, Сапар Исаковдун өкмөтү отставкага кет­кенден кийин биринчи кварталда өсүш 3, 7% ды түзгөн. Ал эми М. Абылгазиевдин өкмөтү «натый­жалуу башкарууну» жана «кере­меттерди» «көрсөтүшүп кыска убакыттын ичинде жогорку көр­сөткүчтөрдү нөлгө алып келди. На­тыйжада, өлкөдө экономикалык каатчылык башталды...

Баса, жакында Aбылгазиев ме­нен анын министрлер кабинети дайындалгандан бери өз иште­ринин алгачкы тыянактарын чы­гарган 100 күндүгүн белгилейт. Алардын мындай “супер ийгилик­түү” иштери үчүн күзүндө Жогор­ку Кеңештин депутаттары өз баа­сын берет, бериши керек. Эгер эл өкүлдөрү Кыргызстандын келе­чегине кайдыгер карашпаса. Ал тургай мындай «кашаң» өкмөттү отставкага кетирүү маселеси да көтөрүлүшү толук мүмкүн?

Ушундайда айта кетчү ачык сөз, ЖК депутаттары мурдагы өкмөт башчысы Сапар Исаковду эко­номикадагы көрсөткүчтөрүүчүн эмес, “саясий себептердин” неги­зинде отставкага кетирген. Пар­ламенттин мындай кадамы ушу тапта аркы-беркини таразалай алган далай жарандарга ачык эле түшүнүктүү болуп турган кез. А мындай кадам үчүн бүгүн бүтүндөй өлкө, орусча айтканда «теперь за это расплачивается вся страна…»

Булак: «Айгай-пресс»

Последние новости