www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы тыюу салынган диний, экстремисттик жана террордук уюмдардын тизмесин таратты.

Тизмеге киргендер: 

"Аль-Каида" — 2006-жылы 15-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган; 

"Талибандар кыймылы" — 2006-жылы 15-сентябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюм деп эсептелген;

"Чыгыш Түркстан ислам кыймылы" — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен террордук уюм катары табылган;

"Күрт элдик конгресси" ("Конгра-Гель") — 2008-жылы 11-июнда Биринчи май райондук сотунун чечими менен террордук уюмдардын катарына кирген;

"Чыгыш Түркстанды бошотуу уюму" — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен террордук уюм экени белгилүү болгон;

"Хизбут-Тахрир-аль-Ислами" — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен экстремисттик уюм деп саналган;

"Жихад тобу" — 2008-жылдын 11-июнунда Биринчи май райондук соту террордук уюм деп тапкан;

"Түркстан Ислам партиясы" ("Өзбекстан Ислам кыймылы") — 2003-жылы 20-августта Жогорку соттун токтому менен террордук уюм катары таанылган;

"Мун чиркөөсү" — 2012-жылы 22-февралда Свердлов райондук сотунун чечими менен өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;

"Жайшуль Махди" — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук сотунун чечими менен Кыргызстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;

"Жундь-аль Халифат" — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук соту ишмердүүлүгүнө тыюу салган;

"Ансаруллох" (Ансарул Аллах) — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук соттун чечими менен ишмердүүлүгүнө уруксат берилген эмес;

"Ат-Такфир Валь-Хиджра" — 2012-жылы 24-октябрда Биринчи май райондук соту ишмердүүлүгүнө тыюу салган;

"Акромия" — 2014-жылы 14-мартта Биринчи май райондук сотунун чечими менен экстремисттик уюм катары табылып, ишмердүүлүгү токтотулган;

"Саид Бурятскийдин (А.Тихомировдун) пропагандалык-үгүттөө материалдары жана ишмердүүлүгү" — 2014-жылы 14-мартта Биринчи май райондук соту экстремисттик уюм деп тапкан;

Ислам мамлекети (ИГИЛ, ДАИШ) — 2015-жылы 13-февралда Октябрь райондук сотунун чечими менен террордук жана экстремисттик уюм катары табылып, өлкө аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган;

"Джабхат ан-Нусра" — 2015-жылы 23-июнда Бишкек шаарынын Октябрь соту террордук жана экстремисттик уюм деген чечим чыгарган;

"Катибат аль-Имам аль-Бухари" ("Имама Бухаринин батальону") — 2015-жылы 13-майда Ош шаардык сотунун чечими менен террордук жана экстремисттик уюм деп табылган;

"Жаннат Ошиклари" — 2015-жылы 13-майда Ош шаардык сотунун чечими менен террордук жана экстремисттик уюм экени аныкталган;

"Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" — 2016-жылы 17-мартта Ош шаардык соту террордук уюм деген чечим чыгарган;

"Йакын-Инкар" — 2017-жылы 15-июнда Октябрь райондук сотунун чечими менен республика аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости