www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 119,511 адам сасык тумоого каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу КР Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөттүк онлайн-брифингде билдирди.

Ал сезондук сасык тумоо учурунда пневмония өзүн көрсөтө турганын, мындай учурда оору COVID-19 менен айкалышканда ал олуттуу кесепеттерге алып келиши мүмкүн экендигин белгиледи.

“120 миң вакцинаны бүтүрдүк, эртең дагы 160 миң вакцина жарандарды эмдөөдөдө колдонулуп баштайт. Бүгүнкү күндө, вакцинаны биринчилерден болуп калктын аялуу катмары жана тобокелдик тобундагы адамдар кабыл алууда” – деп билдирди Нурболот Үсөнбаев.

“Учурда бир эмдөөнүн баасы 450 сомдон 750 сомго чейин. 6 айлык балдардан баштап эмдөө жүргүзүүгө болот. Муну менен катар, 6 жашкаа чейинки балдарды эмдегенде, 1 дозаны экиге бөлүп, эки жолу эмдеш керек” – деп кошумчалады Үсөнбаев.

Ошондой эле, ал Кыргызстанга 500 миңден ашуун вакцина алынып келинерин кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости