www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коронавирустан жабыркаган бир киши каза болду

Кыргызстанда коронавирусун жуктуруунун 9 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу коронавирус боюнча Республикалык штаб билдирди.

2020-жылдын 3-апрелине карата республиканын стационарларында COVID-19 инфекциясы тастыкталган 125 бейтап жатат, алардын ичинен 4 оор абалда, 1 бейтап жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган.
Мындан сырткары, 2-апрелде Ош облусундагы Ноокат аймактык ооруканасында жаткан 61 жаштагы бейтап биологиялык өлүмдөн каза тапты.
Ал чет өлкөдөн келип, стационардык обсервацияда дарыланып жаткан. ПЧР-анализинин жыйынтыгы менен бейтапта COVID-19 инфекциясы бар экени тастыкталды.
Ошондой эле, бейтапта дагы башка кошо өрчүп кеткен оорулары да бар болгон.
Саламаттык сактоо министрлиги бүгүн саат 13:00дөгү брифингде кошумча маалымат берет.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости