www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус менен жабыркагандарды жашырып болбойт. Бул тууралуу бүгүнкү басма сөз жыйынында Саламаттыкты сактоо министри жооп берди.

Журналисттер Кыргызстанда илдетти жуктургандар бар болушу мүмкүнбү, же алар сакайып кеткендиктен байкалбай калдыбы деген суроолорго кызыгышты.

--Коронавирусту эч ким жашыра албайт, эгер бир адам жашыруун түрдө пайда болсо деле башкаларга жукмак. Мен ишендирип айта алам, Кыргызстанда коронавирус жок,-деди Космосбек Чолпонбаев.

Ошону менен бирге : “198 өлкөнүн ичинен 117 мамлекетте вирус катталды. Бирок муну жашыруу же жашырбоо бул орунсуз суроо. Бизде илдет жок болсо, кубанышыбыз керек. Демек, тиешелүү чаралар көрүлүп жатат”,-деп айткан ал.

Анын айтымына караганда, буга чейин Кыргызстанда кронавируска шектелген 1 289 киши текшерүүдөн өткөн. Алардын баарында аталган илдет каттталган эмес. Бирок министр өлкөбүздө коронавирусту аныктоонун канча тесттик система менен текшерүү жолдору бар экендигинен айтуудан баш тартты.

“Тесттер жетиштүү. Кам санабаңыздар. Биз бир ирет так санды айтканбыз, кийин адамдар санап башташкан”,-деп белгиледи ал. Космосбек Чолпонбаев аны менен бирге эпидемиялык кырдаал өкүм сүргөн өлкөлөрдө болгон жарандар тесттен өткөрүлөрүн кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости