www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 27-февралга карата өлкөдө коронавирустун чыккан учуру катталган жок. Коронавирустун алдын алуу боюнча түзүлгөн атайын штабдын жыйынында оору аныкталган өлкөлөрдөн келген бардык адамдар милдеттүү түрдө карантинден өткөрүлүп жатканы кабарланды.

Чек аралардагы бардык көзөмөл өткөрмө бекеттери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

"Январдан бери оору аныкталган өлкөлөрдөн келген бардык адамдар кылдат иликтөөдөн өткөрүлүп, обсервация аймагында карантинге алынып, тыкыр текшерүүдөн соң гана өлкөгө киргизилип жатат",- деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары штаб жарандарды расмий маалыматтарга гана ишенүүгө чакырып, соцтармактарда жарыяланып жаткан түрдүү божомолдорго көңул бурбоого үндөгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости