www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда коронавируска чалдыккан дагы 2 учур катталды. Бул тууралуу коронавирустун жайылышынын алдын алуу боюнча түзүлгөн өлкөдөгү республикалык штаб билдирди.

"Жуктургандардын 1 адамы Франциядан келип, “Манас” эл аралык аэропортунда жайгашкан обсервация борборунда болчу, ал эми экинчиси – кичи ажылыктан кайтып, Бишкек ш. “Ак-Кеме” мейманканасында изоляцияга алынган жаран", - деп жазылат маалыматта.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, COVID-19 вирусун жуктургандардын бардык учурлары сырттан келген.

Эске сала кетсек, Саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаковдун маалыматы боюнча, 2020-жылдын 21-мартындагы эрте мененки саат 9-00гө карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы 6 жаӊы учур катталды. Ооругандардын жалпы саны – 14 адамга жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости