www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков   коррупцияга каршы күрөштүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана ачык-айкындуулукту арттыруу максатында укук коргоо органдары тарабынан коррупциялык мүнөздөгү кылмыш иштерин тергөөдө кайтарылган жана алар боюнча соттун өкүмдөрүн аткарууда  өндүрүлгөн акча каражаттарынын  эсебин алууга, сактоого жана андан ары колдонууга багытталган атайын банк эсебин ачууга байланыштуу маселелерди чечүү тапшырмасын берди.

Мамлекет башчысынын тапшырмасын аткаруу үчүн КР Президентинин Аппаратынын Жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев  прокуратура органдарынын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Финансы министрлигинин, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын, Улуттук банктын жетекчилеринин катышуусу менен кеңешме өткөрүп, анда атайын банк эсебин ачууга байланыштуу маселелер талкууланды.

Өкмөткө бул максаттарда атайын банк эсебин ачуунун ченемдик-укуктук маселелерин иштеп чыгуу сунушталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости