www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда кош бойлуу 28 аял коронавирустан каза болду

2020-жылы Кыргызстан эне өлүмү боюнча Чыгыш Европа жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен экинчи орунга чыкты. Бул жылы жалпы 54 кош бойлуу аял каза болду. Алардын 28и коронавирус инфекциясы жугуп, оорусу өтүшүп кеткендер. Бул тууралуу "Азаттыкка" Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин башкы акушер гинекологу Раиса Асылбашева айтты.

"Вирус жаңы болгондуктан, алгач оору жуктурган бойкат аялдарды кароо кыйын болду. Азыр абалды жөнгө салдык. Эпидемиологиялык талаптар аткарылууда",- деди ал.

Кыргызстанда төрөт жашындагы 1 млн. 200 миңдей аял бар. Жылына 160 миңден ашуун ымыркай төрөлүүдө.

Эне өлүмү боюнча чөлкөмдө Тажикстан биринчи орунда турат.

Булак: NazaNews.kg

Последние новости