www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөр» - Кыргызстандын Ысык-Көл облусундагы Борбордук Азиядагы эң бийик тоолуу алтын кени. Тянь-Шань тоо системасында деңиз деңгээлинен 4000 метрден ашык бийиктикте жайгашкан.

Бийиктиги боюнча Перудагы Янакоча алтын кенинен кийинки экинчи бийик тоолуу алтын өндүрүүчү ишкана болуп эсептелинет. Аталган ишкана канадалык Centerra Gold Inc компаниясына таандык. Азыркы учурда бул ишканадан мамлекеттик казынага эң көп пайда алып келүүчү ишканалардын бири.

Өз кезегинде Тоо-кенчилер жана геологдор ассоциациясынын директору Орозбек Дүйшеев өлкөнүн казынасын «Кумтөрдөй» болуп толтурган Кыргызстанда башка бир да ишкана жок экендигин айтып келет.

«Кумтөрдүн» пайдасы боюнча бир эле мисалды айтып коёюн. Мына, «Кумтөр» боюнча туура келишим түздүк эле анын негизинде Кыргызстанга канча деген акча түштү. Кыргызстанда мындай бир дагы ишкана жок.

Өлкөнүн экспортунун 40 пайызын, өнөр жайдын 26-30 пайызын ушул «Кумтөр» берип жатат. Иштегендердин айлыктары да жакшы», - деген ал. Бирок «алгандын бермейи бар» деген сөз кыргызда бекер айтылбаса керек, «Кумтөр» ишканасынан пайда түшкөнү менен атмосферага жана адамдарга көптөгөн зыянчылыгы тийүүдө.

Айта кетсек, 1998-жылы май айында «Кумтөр» ишканасына цианид ташып бараткан унаа көпүрөдөн кулап кетип, Барскоонго цианид төгүлгөн болчу. Бул боюнча коомчулукта кайчы пикирлер орун алып, ошол кездеги бийлик ээлери эч кандай зыян болбогонун билдирсе, жергиликтүү тургундар анын кесепети бүгүн да тийип жаткандыгын айтышат.

Ал эми Нарын шаарынын тургуну Сыртпай Турузбеков аталган кен Нарын даарыясынын башаты дарыянын бузулуу коркунучу бар: «Кумтөрдөн» суу агып чыгып турат. Сууну болсо сордургуч менен чыпкалап, арыкка куят.

Арыктан агып келип, Нарын суусунун башталган жерине куят. «Кумтөр» казылып бүтүп, баары жабылгандан кийин деле ал жерден суу чыга берет да. Бул Кудайдын берген булагы. «Кумтөрдү» иштеткендер кетип калгандан кийин ага ким жооп берет? Ким буга кепилдик берет?, - деп коомго ЖМКлар жарыя кылган.

Ошондой эле Балыкчы шаарнынын тургуну Сталбек Акеев мындай деп ой пикирин билдирген: «Балыкчыдагы базадагы жогорку токсикалуу уулардын таасири кандай экендигин эч ким билбейт. Алар ар кандай кокустук болуп, же жаанда көлгө түшүп кетсе, зыяны тиет. Дагы бир коркунучтуу жери Балыкчыда батышынан чыгышына шамал согуп турат», - деп интернет булактарына айтып келет.

Даярдаган: Айбар Абдылдабеков

Булак: NazarNews.kg

Последние новости