www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министринин орун басары, милициянын полковниги Нурбек Абдиев менен Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иштери боюнча Жогорку комиссарынын башкармалыгынын өкүлү Ханс Фридрих Шоддер жолугушту. Жолугушуу бүгүн, 23-сентябрда Ички иштер министрлигинде уюштурулганын министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Ага БУУнун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын Кыргыз Республикасындагы Улуттук кеңсесинин башчысы Асел Шаршеева, ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы, милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков жана Укуктук камсыздоо жана эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги Нурбек Жангабылов катышкан.

Жолугушуу учурунда Нурбек Абдиев билдиргендей, Кыргыз Республикасы БУУнун Качкындардын статусу жөнүндө 1951-жылкы Конвенциясына жана анын 1969-жылкы Протоколуна 1996-жылы кошулган.

«Качкындар маселеси коом үчүн көптөгөн суроолорду жаратат, алардын бири — коопсуздукту камсыздоо. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги башка мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коомдук бирикмелер жана башка уюмдар менен бирдикте качкын деп таанылган адамдарга коопсуздукту камсыз кылуу, алардын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышына жардам көрсөтүү боюнча иш алып барат», - деп айтылат билдирүүдө.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги мындан аркы кызматташууга чоң маани берет. Министрдин орун басары ыйгарым укуктардын чегинде бардык жардамдарды көрсөтүүгө даяр экенин айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости