www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ооруп айыккан медкызматкерлердин арасында вакцинадан баш тарткандар көп болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү, эпидемиолог-иммунолог Бурул Асыкбекова билдирди.

«Улуттук пландын негизинде вакцинаны ким аларын такташыбыз керек. Азыр Интернет булактарында көп маалыматтар чыгып жатат. Аны бардыгы эле окуп жатышат. Көпчүлүк Орусиянын вакцинасын алабыз деп жатышат», - деди Асыкбекова.

Кыргызстан коронавируска каршы жапырт эмдөөнү келаткан дүйшөмбүдө - 29-мартта баштаганы жатат. Бул үчүн кытайлык SinoPharm компаниясы чыгарган вакцина колдонулат. 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцина Кыргызстанга 19-мартта келген.

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлү Бурул Асыкбекова аталган вакцина менен кыргызстандыктарды эмдеш үчүн эксперттердин илимий-техникалык тобунун бүтүмү чыгышы зарыл экенин айтты. Андай чечим бүгүн - 26-мартта кабыл алынышы мүмкүн.

Алгачкылардан болуп вакцинаны министр Алымкадыр Бейшеналиев алат. Алгач Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда «кызыл зонада», бейтапканада, «Тез жардамда» иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү эмделет.

Эмдөө ыктыярдуу негизде, атайын ачылган пункттарда жүргүзүлөт.

Кыргызстанда коронавирус 87 миңден ашуун адамга жукту, алардын 1,5 миңдейи каза тапты

Булак: NazarNews.kg

Последние новости