www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байден 1-майга чейин Афганистандан чыгуунун кыйын экендигин бирок бул өлкөдө узун убакытка туруу ниеттеринин да жок экендигин билдирди.

Джо Байден кызматынын 65 - күнүндө алгачкы расмий пресс - жыйынын Ак үйдө өткөрдү. Байден АКШнын Афганистандагы аскерлерди 1- майга чейин толугу менен чыгаруу планына байланыштуу:

«1-майга чейин тактикалык себептерден улам бардык аскерлерибизди чыгарып кетүү кыйын, бирок биз бул жерде көпкө туруу ниетибиз жок», - деди.

Бир журналисттин: «Келерки жылы да АКШны Афганистанда көрөрүбүздү айта алабызбы», - деген суроосуна Байден: «Андай картинаны тарта албайм», - деп жооп берди.

Джо Байден өзүнүн жеке пландары боюнча берилген суроого: «2024 - жылдагы шайлоо үчүн кайрадан талапкер болууну ойлоп жатам», - деди.

78 жаштагы Джо Байдендин жыйында: «120 жыл мурда сенатка киргенимде», - деп айтуусу соцтармакта күн тартибине кирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости