www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандан аткезчилик жол менен 1 миллион медициналык беткапты чыгарып кетүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу өлкө аймагына коронавирустун келишинин алдын алуу жана анын жайылышына жол бербөө боюнча республикалык штабдын 28-февралдагы жыйынында белгилүү болду.
Беткаптарды мыйзамсыз жол менен кимдер, кайсы өлкөгө алып баратканы тууралуу маалымат берилген жок.
Белгилей кетсек, Кытайдын Ухань шаарында чыккан коронавирус башка мамлекеттерге да тездик менен жайылып жаткандыгына байланыштуу Кыргыз өкмөтү 3-февралдан тартып айрым дарыларды жана медициналык беткаптарды сыртка чыгарууга тыюу салган токтом чыгарган.
Тумоо дүйнөнүн булуң бурчуна жайылгандан бери Кыргызстанда медициналык бет капка талап жогорулап, айрым дарыканаларда жок калган. Бул туурасында шаар тургундары айтып чыгышкан эле.
Ал эми аталган маселе боюнча Саламаттыкты сактоо министри Космосбек Чолпонбаев медициналык бет каптар боюнча чынында эле маселе бар экенин айтты. "Ооба, көйгөй бар. Бирок буюрса, ал көйгөй чечилет. Учурда 160тан ашык ооруканада 40 088 бет кап бар. Мындан тышкары ал жерде 3 миңден ашык коргонуучу кийимдер бар. Ошондой эле 44 миңден ашык респиратордук маска турат.Бул ооруканалар боюнча, ал эми фармацевтикалык дүң складдарда 160 миңдей бет кап турат. Бирок аларга дагы чектөө коюлган. Рынокто 127 миңдей бет кап бар. Кээ бир дарыканаларда бет кап чынында жок болуп жатат. Анткени коронавирус башталганга чейин медициналык бет каптарды Орусиядан, Кытайдан, Казакстандан алып келчүбүз. Учурда ал жактар экспортту токтотуп коюшту. Ал эми Кыргыз өлкөсүнөн чыкпайт. Азыркы күндө иш аракеттерди кылдык. Жакынкы арада бул маселе чечилет. Белгилей кетүүчү нерсе, медициналык бет капты ооруган, чүчкүрүп, жөтөлгөн адам башкаларга жуктурбаш үчүн тагынышы керек. Баары бет кап кийсин деп айткан жокпуз. Чууга алдырып, дарыканалардан баары сатып алышып, жок калып жатат. Дагы айта кетейин бет капты ооруган киши гана тагынып, алмаштырып туруусу керек. Мен азыр бул жакка келерден мурун чоң 15 компанияны жыйнап текшерип, кандай шарттары бар, бет каптарды кандай алып келели деген суроонун тегерегинде маселени талкуулап келдик. Буюрса, бул меселе чечилет", - дейт министр.
Булак: NazarNews.kg