www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Кыргызстанда полиомиелит вакцинасы жок. Вакцинанын жоктугунан улам, учурда бул пландуу процедура эч кимге жасалбай келет. Имунопрофилактика борборунун маалыматына ылайык, полиомиелит вакцинасын алып кирүүгө уруксат берүү процедурасы бюрократиялык чаташуулардан улам чечилбей жатат. Жыйынтыгында, бүгүнкү күндө өлкөдө бир да вакцина жок. Жугуштуу оорунун тутанып кетүү коркунучу жогор экендигине карабай өкмөтүк органдар бул маселени чечүүгө шашылбайт.

Полиомиелит – жогорку инфекциялуу ооруу. Ал нерв системасын өлтүрүп, саналуу сааттарда жалпы шал болууга алып барат. Вирус адамдан адамга фекалдык-оралдык жол менен, тамак-аш, суу аркылуу жугат да, ичегиде көбөйөт.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости