www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Никесиз бала... “Өзүм үчүн” төрөп алдым... Буга үйрөнүп келе жатат окшойбуз. Көп олтуруп калган кыздардын турмушка чыгуусу да кечеңдеп, балалуу болуу убактысын да өткөрүп албоо үчүн кээде “сокур эрдикке” барып, никесиз балалуу болууга тобокел кылып жатышат.

Муну биздин тарбиябыз да жактырбасын көпчүлүгүбүз билсек да, кээде бул ишти колдоп чыккандар да бар.

Мындайга элибиз үйрөнгөн сайын эртеңки күнү никесиз бала төрөп алууну “өзүм үчүнгө” жаткыра салган кара көздөр көбөйөрү анык. Коомдо жайылып келе жаткан ушундай жагымсыз көрүнүшкө тоскоол болуу үчүн үй-бүлөдөгү тарбиянын мааниси чоң.

Кыргыз эли кызы бой жеткен соң, аны турмушка берүүгө шашууну парыз тутканы белгилүү. Мүмкүн кыргызчылыгыбыздан ажырап, салтыбызды унута баштаганыбыздын таасиринен кадимки көрүнүш болуп кеттиби?

Азыркы кыргыз үй-бүлөлөрү кыз баланын башкы мураты – жар болуп, мээримдүү эне болуу экендигин тарбия талкуусуна салабы? Андай болсо, “өзүм үчүн” деп төрөп алгандар кайдан чыгып жатат? Албетте, тагдыр, буйрук дегенден ашып өтө албайбыз. Ошентсе да, кыздарыбызга тарбия берүүдө анын болчок жар, келечектеги эне экендигин билдире жүрүүнү унутпаганыбыз туура болор.

Булак: "chabarman.kg"

Последние новости