www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда реалдуу бийлик алмашуу  жүрүп жатат. Бул жараян 31-марттагы КСДПнын жаңжалдуу курултайынан кийин абдан ылдамдап кетти.

Атамбаевдин катуу сүрөөнү менен  президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен Сооронбай Жээнбеков алгачкы айларда өз аппарат башчысын да дайындай албай, өз алдынча боло албайт окшойт деген күдүктөнүүлөрдү жараткан.

Бирок Жээнбеков өтө эле момурайып, жетеленме болуп калган жок. Ал адегенде Коопсуздук Кеңешин көзөмөлүнө алып, биринчи кадамдарын мына ушул маанилүү структура аркылуу жасай баштады.  Анын эң бир ачык көрүнүштөрүнүн бири Коопсуздук Кеңештин 8-февралдагы жыйыны жана анда Атамбаев доорундагы “коррупцияга күрөшкө”  терс баанын берилиши болду.

Коопсуздук Кеңештин жыйыны Атамбаевди жиндентип, “эки достун” ортосунда келишпестикти катуу күчөттү. Бул өз кезегинде Фарид Ниязовдун президенттин аппарат башчылыгынан кетүүсүн тездетти.

31-марттагы курултай Атамбаевдин УКМКадагы тобуна сокку урууга негиз берди. Мамлекеттик күзөт кызматтын башчысы же УКМКанын 9чу башкармалыгынын башчысы Дамир Мусакеев мыйзам жана милдети талап кылгандай президенттин коопсуздугу менен эмес, КСДП курултайында Атамбаевдин коопсуздугун касыздоо менен алек болуп жүргөнү үчүн кызматынан бошотулду.

Өткөн жумада УКМКанын төрагасы Абдил Сегизбаев, анын орун басары Болот Сүйүнбаев кызматынан бошотулду . Сооронбай Жээнбеков эң маанилүү УКМКаны көзөмөлүнө алды.

Өткөн жумада катуу сокку Башкы прокурор Индира Жолдубаевага да берилди. Ага эки фракция ишеним көрсөтпөй койду.

Президент Жээнбеков ага улаалаш Башкы прокурорду бошотуу сунушун парламентке жолдогону 10-апрелде маалым болду.  Жолдубаевага адам укугун коргоодо, коррупцияга каршы күрөштө натыйжалуу боло алган жок деген кине коюлду.

11-апрелде Жогорку Кеңеште Жолдубаевага ишеним көрсөтпөө  маселеси каралары кабарланды. Анда Жолдубаевага каршы көпчүлүк добуш берилеринде шек жок. Ошону менен Сооронбай Жээнбеков Башкы прокуратураны да толугу менен өзүнүн көзөмөлүнө алат.

Андан кийинки этап өкмөт болмокчу. Өкмөттүн тагдырын чече турган Жогорку Кеңештин депутаттарынын көпчүлүгү Сооронбай Жээнбековго ооп калганы белгилүү. Ошондуктан КСДП, “Бир бол” жана “Кыргызстандан” турган коалиция ыдырап, анын натыйжасында Сапар Исаковдун өкмөтү кетүүгө аргасыз болчудай болуп калды. Башкаруучу коалиция тарабай туруп деле өкмөткө ишеним көрсөтпөө менен жаңы өкмөттүн келишине жетише алат. Бул учүн жогоруда аталгандай Жогорку Кеңеште бардык шарттар түзүлгөн. Маселе, депутаттардын кайсы жолду же ыкманы тандашында калды.

Жогоруда айтылган фактылар 31-марттагы КСДПнын курултайынан кийин бийлик өтө тездик менен Жээнбековдордун колуна топтоло баштаганын айгинелейт. Принциби да, саясий эрки да жок парламент мүчөлөрү Атамбаев доорунда анын кандай эшигин сагаласа, эми жаңы президенттин ишаарасын ошондой күтүп отурушат. Мындай парламент жана истеблишмент менен Кыргызстан жаңы  “ажыдаарды” дароо эле жаратып албайбы деген чочулоо аргасыз пайда болот…

Булак: Элньюс

Последние новости