www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда СПИДге чалдыккандар көбөйдү. Бул тууралуу терапевт Гульнара Ажымалиева билдирди.
«Кыргызстанда СПИД менен ооругандар 10 миңден ашты. Былтыр 9 миңдей бейтап катталган. Алардын көбү — баңгизат колдонгондор. Андан сырткары, жаш балдар да бар. Бул катталгандардын гана саны. Катталбай жүргөндөр да болушу мүмкүн.
Акыркы убакта көңүлдүн баары коронавируска бурулуп, СПИДге каршы күрөшүү иш-чаралары жүргүзүлбөй калды. СПИД оорусу коронавирустан да коркунучтуу. Себеби, коронавируста симптомдор болсо, СПИД өз белгисин билгизбейт, дароо аныкталбайт. Бир гана анализ аркылуу билүүгө болот»,- дейт Ажымалиева
Булак: NazarNews.kg