www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кант” авиабазасынын аскер кызматчысы унаасы менен аялды коюп кетип, өлтүрүп алды. Чүй облусунун ИИБнин маалыматына караганда, ЖККУнун Канттагы авиабазасынын аскер кызматчысы Чүй облусунун Лебединовка айылында орусиялык номердеги Hundai Tucson автоунаасы менен баратып бала көтөрүп бараткан аялды сүзүп алган. Унаа жогорку ылдамдыкта бараткандыктан, катуу соккунун натыйжасында аял ооруканага жетпей каза болуп, үч жаштагы кызы оор абалда ооруканага түшкөн. Окуя 27-август күнү түнкү саат 00:30 чамасында болгон. Азырынча аскер кызматчынын өздүгү жана кылмыш иши тууралуу маалымат жок. Авиабаза сүзгөн адам алардын кызматчысы экендигин ырастады.
Буга чейин да Кыргызстанда жайгашкан чет элдик базалардын аскерлеринин кырсыктап, бирокжоопкерчилик тартпай кутулуп кетишкен фактылар бар. Алсак, 2007-жылы АКШнын “Манастагы” авибазасынын аскери Закари Хэтфилд кыргыз жараны Александр Ивановду унаасы менен коюп кетип, жабырлануучу каза тапкан. Укук коргоо органдары Хэтфилддин аракеттерин атайын адам өлтүрүү катары баалаганы менен, дипломатиялык иммунитетин колдонуп АКШга качып кеткен. 2008-жылы Канттагы орус авиабазасынын 2 кызматкери унаада баратып кыргыз укук коргоочуларына моюн сунбай, чырчатакка барып, окуя курал колдонууга чейин жеткен, жыйынтыгында орус аскерлеринин бирөөсү жаракат алган.
Булак: NazarNews.kg