www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын 16-апрелинен тарта тез арада паспорт алуунун баасы арзандайт. Бул тууралуу  Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат кызматы билдирди.

"Үч сааттын аралыгында паспорт берүүнүн баасы персоналдаштыруу (жасоо) жана кызмат көрсөтүүлөр (документ кабыл алуу, каттоо, берүү) үчүн деп эки бөлүк менен бааланчу. Жаңы жобо боюнча кызмат көрсөтүүнүн баасы төмөндөгөндүктөн, жалпы наркы арзандаган.

Ага ылайык, 2017-жылы чыккан үлгүдөгү ID-карта 4 270 сомдон 3 987 сомго чейин түштү. Ал эми жалпы жарандык паспорт 6 193 сомдон 5 523 сомго чейин арзандады.

Бул төмөндөтүлгөн баалар 16 жашка чыккандан кийин жана алмаштыруу үчүн паспорт алгандарга тиешелүү. Ал эми жоготуп алгандарга мындан кымбатыраак баада жасалмакчы", - декп айтылат маалыматта.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости