www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бүгүн, 1-декабрь СПИДке каршы күрөшүү күнү. Биринчи жолу 1981-жылы 5-июнда АКШнын Ооруларга көзөмөл жүргүзүү борбору СПИД деген жаңы ооруну каттаган.

Алгач «Төрт-Г» деп аталган адамдын иммундук жетишсиздигинин козгогучу бара-бара анын кабылдоосуна алып келери, аны менен ооруган адам акыры өмүрү менен кош айтышары аныкталган. Ошондон кийин Бириккен Улуттар Уюму ушул дартка каршы күрөшүү күнүн жарыялаган.

Терапевт Гүлнара Ажымалиева СПИДге чалдыккандар көбөйгөнүн билдирди. Анын маалыматында, СПИД менен ооругандар 10 миңден ашты. Былтыр 9 миңдей бейтап катталган. Алардын көбү — баңгизат колдонгондор. Андан сырткары, жаш балдар да бар. Бул катталгандардын гана саны. Катталбай жүргөндөр да болушу мүмкүн. 

"Акыркы убакта көңүлдүн баары коронавируска бурулуп, СПИДге каршы күрөшүү иш-чаралары жүргүзүлбөй калды. СПИД оорусу коронавирустан да коркунучтуу. Себеби, коронавируста симптомдор болсо, СПИД өз белгисин билгизбейт, дароо аныкталбайт. Бир гана анализ аркылуу билүүгө болот. СПИД башка оорулардын бет кабы менен жүрө берет", -дейт Ажымалиева.

Быйылкы 25-августунда кабыл алынган "Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө" мыйзамга ылайык, 18 жашка толгон адамдарга, ошондой эле ВИЧ/СПИД жугузган күнгө карата 18 жашка толо элек балдардын ата-энелерине мамлекеттик жана муниципалдык саламаттыкты сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуккан учурда бир жолку акчалай компенсация төлөнөт.

Бир жолку акчалай компенсацияны төлөө тартиби өкмөт тарабынан аныкталат.

Ушул жылдын ноябрь айында Кыргызстанда ВИЧ илдетин жугузуп алгандардын расмий катталган жалпы саны 10 миң 219га жетти. Алардын 9647си Кыргызстандын жарандары, 572си чет элдиктер болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости