www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жакынкы күндөрү бензин дагы да кымбаттайт

Кыргызстанда жакынкы эки жумада бензиндин бир литри дагы 1,5 сомго, дизель отуну 1 сомго кымбатташы мүмкүн. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди.

Анын айтымында, мунай өндүрүүчү заводдордон жаңы баалар келе тургандыгына байланыштуу айдын экинчи жарымында баалар кандай болоору тууралуу божомол азырынча жок.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын нефтетрейдерлер ассоциациясы күйүүчү-майлоочу майдын баасын түшүрүү үчүн министрлер кабинетине бир катар чараларды сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости