www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нурлан Кулжыгачов: «ЖЭБдин кампасында 281 миң тонна көмүр бар»

Бишкек Жылуулук электр борборунун кампасында бүгүнкү күндө 281 миң тонна көмүр бар. Бул тууралуу бүгүн, 5-октябрда, ЖЭБдин инженери Нурлан Кулжыгачов билдирди.

Анын айтымында, күз-кыш мезгилинен өтүү үчүн Бишкек шаарынын ЖЭБине жалпысынан 1 миллион 650 миң тонна көмүр керек.

«Келе жаткан 2021-2022-жылдагы күз-кыш жылытуу мезгилине өкмөттүн токтому боюнча 1 миллион 650 миң тонна көмүр керек. Анын бир миллион тоннасы жергиликтүү Кара-Кече көмүрү болсо, 643 миң тоннасы импорттолот. Түзүлгөн келишимдердин негизинде график менен келип жатат. Кампада 281 миң тонна көмүр бар. Ишканада 17 буу казан, тогуз буу агрегатыбыз бар. От казандарды жана турбогенераторлорду оңдоо иштери жүрдү», — дейт Кулжыгачов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости