www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармакта “Сапат” билим берүү мекемесинин жетекчиси Орхан Инандынын окуясынан кийин аталган билим берүү мекемесинде иштеген 500гө жакын түрк мугалими Кыргызстандан чыгып кетти деген маалымат тараган.

Бул боюнча “Сапат” билим берүү мекемесинин тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Салия Ибраимова менен байланышканда бул маалыматты четке какты.

“Биз учурда кадимки тартипте ишибизди улантып жатабыз. Ал эми Кыргызстандан тышка чыгып кеткен мугалимдер боюнча айта кетсем, 500 мугалим иш таштаган жок, бул маалымат чындыкка дал келбейт. Кээ бир мугалимдер жайында эмгек өргүү учурунда чет жактарга эс алууга кеткен болушу мүмкүн”, — деп билдирет Ибраимова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости