www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү жана илим министрлиги 2021-2023-жылдар аралыгында жогорку окуу жайлардагы билим берүүнү "Университет 4.0" моделине трансформациялоо программасын иштеп чыкты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Программанын максаты — рыноктун талаптарына жооп берген билим берүү программаларын, илимий изилдөөлөрдү башкаруунун рационалдуу системасын иштеп чыгуу.

"Университеттин жаңы форматы окуп жаткандар үчүн да, профессордук-окутуучулук курам жана окумуштуулар үчүн да таланттарды тандап алуу, өнүктүрүү жана шыктандыруунун натыйжалуу жолу болуп саналат. Программанын арты менен жогорку окуу жайлар ишкана жана уюмдар менен кеңири багытта иштешип, кызматташа алат. Жаңы университет алдыга умтулган жаштарды, анын ичинде чет өлкөлүк абитуриенттерди окууга тапшыруу үчүн тартууга, ошондой эле ЖОЖдорго жаш кызматкерлерди алып келүүгө багытталган", — деп айтылат маалыматта.

Бул программанын республикалык жана эл аралык рейтингде университеттерди алдыга жылдырууну, университеттин позитивдүү имиджин калыптандырууну көздөй турганы кошумчаланды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости