www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин маанилүү милдеттеринин бири – калкка сапаттуу жана жеткиликтүү мамлекеттик кызмат көрсөтүү. Бул туурасында КР министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ош облусунун Ноокат районундагы заманбап Калкты тейлөө борборунун ачылыш аземинде билдирди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

«Калкты тейлөө борборунда бардык шарттар түзүлүп, жарандарды документтештирүүнүн процесси арыз кабыл алуудан баштап, документти даярдоо жана берүүгө чейин автоматташтырылган. Арыз берүүчүлөр имараттан чыкпай туруп, тийиштүү документтерди чогулта алат. Сунушталып жаткан мамлекеттик тейлөө көрсөтүү сапатын жогорулатуу, жарандарга жагымдуу шарттарды түзүү боюнча милдеттер акырындык менен ишке ашырылууда. Бул сыяктуу тейлөө борборлору бүтүндөй өлкө боюнча ачылууда», - деп белгиледи ал.

Андан соң Улукбек Марипов жаңы Калкты тейлөө борборунун иши менен таанышып, кардарлар менен баарлашты.

Белгилей кетсек, калкты тейлөө борбору заманбап жабдуулар, ынгайлуу жумушчу орундар, маалымат алуу зонасы менен камсыздалган, электрондук кезек жана видеокөзөмөл камералары орнотулган.

Ошондой эле мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар каралып, эне жана бала бөлмөсү, өзүн-өзү тейлөө зонасы каралган, анда порталдын мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу пайдаланууга шарттар бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости