www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мексиканын Атисапан-де-Сарагоса муниципалдык аймагында 30 кишини өлтүргөн 72 жаштагы пенсионер кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Аталган өлкөнүн жергиликтүү полициясынын берген маалыматы боюнча, кылмышкер акыркы 20 жыл ичинде кеминде 30 кишини өлтүргөн деп айыпталууда. Полиция кызматкерлери 34 жаштагы жергиликтүү тургун Рейна Родригестин өлүмүнөн кийин кылмышкерди изилдей баштаган.

Маалыматка ылайык, Рейна Родригес 13-майда дайынсыз жоголгон. Ал бир баласын тарбиялаган жалгыз бой эне болгон. Рейна Родригес кылмышкер менен кошуна туруп, кылмышкер анын уюлдук телефон саткан дүкөнүнө байма-бай келип турган. Кошуналары аны акыркы жолу кылмышкердин үйүнө конокко келгендигин айтып беришкен.

Кылмышкердин үйүнө тинтүү жүргүзгөндө, Рейна Родригестин денесинин айрым бөлүктөрү жиликтенген абалда табылган. Мындан сырткары, башка белгисиз адамдардын да сөөктөрүнүн калдыктары табылган.

Ошондой эле, анын курмандыгы болгон ар башка курактагы адамдардын документтери менен буюмдары, киши өлтүрүү маалында жаздырып калган аудио жазуулары табылган.

Тергөө маалында белгилүү болгондой, ал адамдарды өлтүргөн соң, алардын этин тамакка колдонуп жүргөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости