www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жумушсуздар көп

Кыргызстанда расмий каттоодо турган жумушсуздардын саны 192 200 кишини түзөт. Бул өлкөдө жумушсуздуктун деңгээли 7 пайызды түзөт дегенди билдирет. Бул тууралуу парламенттин жыйынында социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Зууракан Каденова билдирди.

Бизде жалпы экономикалык активдүү калктын саны 2 млн. 544 миңден ашат. Иш менен камсыз болгондор 2 млн. 352 миңден ашуун, ал эми жумушсуздардын саны 192 миң 200 адамды түзгөн. 7% ушундан келип чыккан.

Айрым депутаттар жумушсуздардын саны мындан алда канча көп экенин, Кыргызстанда иши жок жүргөн адамдарды аныктоо критерийлерин өзгөртүү учурдун талабы экенин белгилешти.

Булак:”Азия Ньюс”

Последние новости