www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-декабрда УКМКнын басма сөз кызматы Россиянын «Лента» басылмасынын макаласы боюнча жооп берди.

Макалада Түркиянын Кыргызстанда мамлекеттик төңкөрүш уюштурууга даярданып жатканы ачыкталганы тууралуу айтылат.

«Аталган маалымат — фейк жана чындыкка дал келбейт», - деп билдирди УКМК.

Ошондой эле УКМК бир дагы өлкө Кыргызстандын ички саясий иштерине кйлигише албай турганын белгиледи.

«УКМК кандайдыр бир кийлигишүүгө, ошондой эле мамлекетте жана коомдо болуп жаткан процесстерге тышкы күчтөрдүн таасир этүүсүнө жол бербейт», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин УКМК парламенттик шайлоодон кийин бийликти күч менен басып алууну көздөп жаткан адамдарды кармагынын жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости