www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саламаттыкты сактоо министрлиги 1 миң 975 ординаторду окутуп, жумушка тартты. Бул тууралуу брифингде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев блдирди.

Анын айтымында, Кыргызстана 13 миң 709 дарыгер болсо, анын 22 пайызы пенсиялык куракта.

«Биз дарыгердин катарын жашартуу үчүн жаш адистерди окуудан өткөрдүк. Жайында вирус менен күрөшкө 1 миң 670 дарыгер тартылган. Биз ошону эске алып, 1 миң 975 ординаторду окуп, ишке алдык», — дейт ал.

Нурболот Үсөнбаев Медициналык академиянын акыркы курстарынын студенттери дагы ишке тартылышы ыктымал экенин белгиледи.

«Бишкектеги Медколлеждердин 70 бүтүрүүчүсүнүн ординатурасы дагы бекер болуп, мекемелерге бөлүндү. «Дарыгердин депозити» программасынын алкагында 175 дарыгер аймактарда иштөөдө. Аларда бирок үй жай жагынан кыйналып жатышат. Жергиликтүү бийлик ага жардам болсо жакш ыболот эле», — дейт ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости