www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы йоддолгон туздардын 38 пайызы чет элдик өндүрүүчүлөр түзөт. Бул тууралуу Ош шаарында «Йодолгон туздун мониторингинин жыйынтыгы» аттуу тегерек столдо адистер билдиришти. 

Иш-чарада Республикалык ден соолукту чыӊдоо борборунун адиси Айнура Шергалиева:

«Изилдөөгө катышкан жарандардын 75 пайызы йоддолгон туз тууралуу маалыматы бар. Алардын 86 пайызы мындай тузду колдонушат. Кыргызстанда өндүрүлүп, дүкөндөрдө сатылып жаткан туздардын 10 пайызында йоддолгонун тастыктоочу белгилер жок экени аныкталды», -деди. 

Талкууга тиешелүү мекемелердин, жергиликтүү кеӊештин жана туз өндүрүүчүлөрдүн өкүлдөрү катышты. Иш чара ЮНИСЕФ эл аралык уюмунун каржылоосунда Республикалык ден соолукту чыӊдоо борборунун колдоосунда өткөрүлдү. 

Кошумчалай кетсек, 12-июнда Бишкек шаарында Талас, Чүй, Нарын, Ысык-Көл облустарында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча талкуу өткөрүлгөн.

Булак: "5news.kg"

Последние новости