www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-августта Кыргызстандагы ооганстандык жарандар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыгышты. Алар жыйырма жылдан бери башпаанек ала албай жүрүшкөнүн даттанып, кыргыз бийлигинен "качкын" макамын берүүнү же АКШ, Канада сыяктуу башка өлкөгө жиберүүнү талап кылышты.

Алардын бири Кыргызстанга келгенине 22 жыл болгонун белгилеп, ошондон бери "качкын" макамын ала албай жүргөнүн журналисттерге айтты.

"Биз Ооганстандан качып келгенбиз. Бизге Кыргызстан "качкын" макамын берген эмес, бизде болгону БУУнун "качкын" мандаты гана бар. Бизге же макам берсин, болбосо башка бир өлкөгө чыгарсын".

Ооган жарандарынын "качкын" макамын талап кылып, БУУнун Бишкектеги кеңсесинин алдында башталган нааразылык акциясы АКШнын элчилигинин алдында уланмакчы.

Кыргызстан ооганстандык 1200 качкынды кабыл ала алууга даяр экенин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Кайрылмандар жана качкындар башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова "Азаттыкка" билдирген.

Анын айтымында, Кыргызстанда буга чейин келген Ооганстандын 73 жаранына качкын макамы берилген. Мындан сырткары 67 жарандын арызы каралып жатат.

Кыргызстан 1996-жылдан бери Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иши боюнча конвенциясына мүчө мамлекет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости